Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка чакырылды

Автор -

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов  улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылганын өздүк булактар кабарлап, Кулматов ырастады.

Маалым болгондой, Кулматов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына чакырылган. Азырынча кайсы кылмыштын алкагында суракка алынары белгисиз. Кулматов УКМКга 11-май күнү келиши керек.

Бажы кызматынын жетекчиси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү