Мырзаке айыл аймагында катуу жааган жаандан 15 турак үйдү суу каптады

Автор -

13-май күнү саат 23:30 чамасында  Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында  катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесинде 15 турак үйдүн короосуна жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу каптаган.

Ошондой эле Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун суу каптаган.

«Мырза-Аке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч менен Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу жумушу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

 

 

Бөлүшүү