Бишкекте ондоо иштерине байланыштуу Москва көчөсү жабылат

Автор -
457

Бишкекте ондоо иштерине байланыштуу Москва көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«15-майдан тарта Москва көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахманов (мурдагы Совет көчөсү) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот. Бул тилкеде асфальтбетонду оңдоо, тратуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин аяктоо пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.