Түркия: Сегиз кыргыз жараны сойкулукка айыпталып депортацияланды

Автор -
209

Түркиянын Айдын провинциясында 28 чет элдик жаран сойкулукка жана сойкулукту уюштурууга байланыштуу айыпталып кармалган. Алардын сегизи Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү кабарлады.

Кармалган 28 жарандардын  ичинде: Грузиянын – 5 жараны, Кыргызстан – 8, Өзбекстан – 6, Казакстан – 8, Армения – 1.

КРдин Түркиядагы элчилигинин билдирүүсү боюнча, Айдын провинциясынын облустук миграция башкармалыгынан үстүбүздөгү жылдын 8-9-май күндөрү жогоруда аталган жарандар кармалгандыгын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары да бар экендигин тастыкташкан.

Түрк тарап билдиргендей, бардык документтер текшерилип, тиешелүү жараяндар жасалган соң, КР жарандары депортацияланган.