Тажикстанда сойкулук үчүн жаза күчөтүлдү

Автор -

Тажикстанда сойкулук үчүн жазаны күчөтүү каралган Административдик укук бузуу тууралуу кодекске сунушталган өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Кодекстин 130-беренесине ылайык, эми сойкулук кылган деп кармалгандарга 1100 сомониден 1650 сомониге чейин (110-165 доллар) айыппул салынат. Эгер ал жаран экинчи жолу кармалса, анда 1650 сомониден 2750 сомониге чейин (165-275 доллар) айыппул төлөйт же 15 суткага камалат.

Буга чейин сойкулук үчүн кармалгандарга салына турган айыппул өлчөмү 550-1100 сомонини түзүп келген.

2015-жылы күзүндө тажик парламенти сойкулук менен алектенген аялдар үчүн жазаны күчөткөн. Тажикстанда сойкулук кылмыш болуп эсептелбейт, бирок аны менен алектенгендер административдик жоопкерчиликке тартылат.

Тажик милициясынын маалыматы боюнча, 2018-жылы ушундай жол менен акча тапкан алты миңге жакын аял каттоого алынган. Алардын арасында өспүрүм кыздар да болгон.

Укук коргоочулар сойкулук үчүн жаза күчөтүлгөндөн кийин мындай жол менен акча тапкан кыз-келиндердин жашоосу оорлоп кеткенин билдирип жатышат. Өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)өкүлдөрү тажик бийлигин сойкулук үчүн жазаны таптакыр алып салууга чакырган.

Бөлүшүү