Унааларды каттоо мөөнөтү 10 күнгө узартылат

Автор -
275

Бүгүн, 15-майда Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору  каралды.

Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Унааларды 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыктан унаа ээлерине шарт түзүү үчүн каттоону 10 күнгө чейин узартуу керек болгону айтылып, комитет мыйзам долбоорун 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алды.

 

Бөлүшүү