Көздүн карегиндей сакталган көчөттөр

Автор -

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы борбор калааны жашылдандыруу, жаңы отургузулган көчөттөр шаарыбызга көрк гана бербестен, тез аранын ичинде өзүнүн экологиялык функциянын аткарып башташ үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келет-деп билдирди «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын басма-сөз кызматы.

Акыркы учурда коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган жабык тамыр системасындагы, ири өлчөмдөгү көчөттөргө ишкана кызматкерлери тарабынан катуу көңүл бурулууда. Көчөттөр эки күндө бир сугарылып, тийиштүү азыктар жана витаминдер берилүүдө.

«Өткөн аптада «Бишкек жашыл чарба» мунициапалдык ишканасынын башкы агроному Эльнура Жолдошева көчөттөрдү алып келип берген компания менен биргеликте шаарды кыдырып чыкты. Айрым көчөттөр сыртынан куурагандай көрүнгөнү менен өзөгүндө жан бар экен. Демек азырынча толук жыйынтык чыгарганга эрте. Себеби быйылкы жаз анча жылуу болбогондуктан, айрым көчөттөр ойгоно элек болушу мүмкүн»,-деп айтылат маалыматта.

20-майда дагы бир жолу кыдырып текшерүү болот. Көчөттөрдү алып келип берген компания куурап калгандарды эсептеп чыгып, ордуна так ошондой көчөт беришет.

Бөлүшүү