ӨКМ министри Ош облусуна болгон иш-сапарын Кара-Кулжа районунан баштады

Автор -
315

Бүгүн, 2018-жылдын 16-май күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин  жоюу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-сапарда жүрөт.

Иш-сапардын жүрүшүндө министр селден жабыркаган каналдын абалы жана таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов селдин кесететинен жабыркаган каналдарды калыбына келтирүү маселесин айтты.

Министр Нурболот Мырзахмедов Министрликтин облустук башкармалыгынын башчысына маселени биргелешип чечип, абалды калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагы. 2018-жылдын 13-14-май күндөрү катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, Октябрь айылынын Терек-Суу чегиндеги 2 турак жайдын ичине, 11 үйдүн короо-сарайларына сел суулары кирген. Ошондой эле, ички чарбалык унаа жолунун 1 чакырым аралыгынын айрым жерлерин жараксыз абалга келтирген.

Кырысыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, №26 ЖТИнан 1 грейдер, 1 самосвал тартылган.

14-май күнү тартылган техникалардын жардамында 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилген. Ошондой эле, тийиштүү Жарандык коргонуу башчыларына, айыл өкмөт башчысына карамагында турган арык, каналдарды, суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү милдеттендирилген.

Бөлүшүү