Депутат: 600 долларлык кычкачты базардан 2500 сом тапса болот

Автор -
211

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов ЖЭБ үчүн 386 миллион доллар насыя алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда кыргыз тарап жетишерлик деңгээлде өлкө кызыкчылыгын коргой албагандыгын айтты.

«600 долларлык кычкач  делген шаймандар топтомун базарда 2500 сом тапса болот»,-деди Жамангулов.
 

 

Бөлүшүү