Депутат атайын фонд түзүп, Кытайга болгон карыздан кутулууну сунуштады

Автор -

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө Камчыбек Жолдошбаев атайын фонд түзүп, Кытайга болгон карыздан кутулууну сунуштады.

«Кыргыз эли Манас өлгөндөй болуп турат да. Эми Манас өлүп калса да кошо турганыңарды кошмоксуңар. Манасты өлтүргөн Кытай бизди, бул өкмөттү аяп коёт беле? Байлар өзүбүз эле акча топтоп Кытайдан алган карызыбыздан кутулалы. Акчаны бериш керек, бербесеңер «караларга» бересиңер. Бул жерде коррупция болгону көрүнүп турат», — деди Камчыбек Жолдошбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү