Кыргызстандын жараны башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган.
КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылдын 15-майында «Манас-аэропорт» өткөрмө-көзөмөл пунктунун чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара бузган Кыргызстандын жаранын кармашкан.
Бишкек-Стамбул каттамы боюнча багыт алган №7706 авиарейсин каттоо учурунда 1989-жылы туулган КР жараны «Э.Т.» башка бирөөнүн чет өлкөгө чыгуучу паспортун көрсөткөн. Ал жумуш издөө максатында Түркияга кетүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.