Депутат: Кыргызстан жалпысынан 9 миллиард доллардан ашык насыя алган

Автор -

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков: «Эгемендик жылдары Кыргызстан энергетика тармагына 2 миллиард 77 миллион доллардан ашык насыя алган»-деп билдирди.

«Энергетика тармагына алынган каражат жалпы насыялардын 21 пайызын түзөт. Кыргызстан  жалпысынан түрдүү тармактарга 9 миллиард доллардан ашык насыя алган»-деди депутат.

Ал эми депутат  Чыныбай Турсунбеков мынча көлөмдөгү насыя алынганына карабастан энергетика системасы толугу менен оңолбой жатканына нааразылыгын билдирди.

 

Бөлүшүү