Алдыда, же четте: Кыргызстан кайда болушу керек?

Автор -

Өлкөдө эмне болуп жатканын көрүп туруп, биздин бийликке Кыргызстан менен Кытайдын кандай гана биргелешкен ири долбоору болбосун, пайдалуу эмес деп ойлоого болот. Ошол себептен, ал долбоорлорго бут тосуп, же  Кытайдан коркуу сезимин жаратуу менен  токтотушат. Ал арада кандайынан гана айлантышпасын, Кытай Кыргызстан үчүн жагымдуу жана реалдуу инвестициялык өнөктөш катары кала берет. Башка ири мамлекеттердин  фонунда Кытай Элдик Республикасы гана кепилдиги менен Кыргызстандын реалдуу экономикасына акча салат. Тажрыйба көрсөткөндөй,  АКШ менен ЕБ  көбүнесе демократиялык реформаларды колдоого даяр, аны да кыргызстандыктардын «акылы менен жүрөгүн» көзөмөлдөп туруу үчүн жасайт.

Акыркы жылдары бул мамлекеттердин каржылоосу Кытайга жана Россияга каршы маанайды күчөтүүгө, башкача айтканда, геосаясий максаттарды ишке ашырууга багытталууда.  Анын үстүнө бул өлкөлөрдүн бизнес-чөйрөсү  Кыргызстандын экономикасына капитал кошууга кызыкдар эмес, себеби, Кыргызстан географиялык туңгуюкта. Анын үстүнө бизде Казакстан менен Өзбекстанга караганда, чийки зат базасы жетиштүү эмес.

Ага кошулуп коркунуч…

Ооба, Борбордук Азияны жихадчылар үчүн жагымдуу аймак катары көрүшүп, коркушат.

Башка жагынан алып караганда, Батыштын бизнеси өз саясатчыларынан айырмаланып, Батыштан Кытайга жана кайра артка товар жүгүртүүдө болушунча пайдалуу шарт камсыз кылып бериши күтүлүп жаткан «Бир алкак, бир жол» долбоорунун ишке ашуусуна үмүт артып карап турушат.

Бир сөз менен айтканда, Батыштын олуттуу бизнеси оңтойлуу учурду күтүп жатат…

Бирок биз АКШ менен ЕБ  инвестициялары биз тарапка «чоң агым» менен келе калат деп үмүттөнүп отура  албайбыз. Экономикада кандайдыр-бир кескин өзгөрүү болмоюнча, бул нерсе ишке ашпайт. Буга инвестициясыз жетүү кыйын.

Бул жерден кайра Кытайга кайрылабыз. Анын үстүнө Пекиндин стратегиялык пландары менен биздин кызыкчылыгыбыз дал келет.

Анткени экстремизмдин күчөшүнөн улам, Кытай өзү жанында өнүккөн өлкөлөрдүн болуусуна кызыкдар.

Анын үстүнө, «Бир алкак, бир жол»  долбоорун ийгиликтүү алдыга жылдыруу үчүн Кыргызстанда, жана бүтүндөй эле Борбордук Азияда «туруктуу аймак» болушуна жетишүү керек.  Ал эми  «кытай  экспансиясы» тууралуу чыгып жаткан жомокторду Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын күчөшүнө кызыкдар эмес тараптардын абийирине коюу керек.

Кытайдын геосаясий атаандаштары азыр  Пекинге басым жасап, дүйнөлүк саясатта артыкчылык алуу үчүн террористтерге акырын колдоо көрсөтүүгө да даяр.

Бирок мындан көбүнесе биз– Кыргызстан жана Борбордук Азиянын башка мамлекеттери жапа чегебиз, анткени, эгер Кытай өзүнүн долбоорлорун жыйыштырып, инвестициялык активдүүлүгүн төмөндөтүп баштаса, биздин экономика да зыян тартат.  Бизнести ийгиликтүү ишке ашырууга жана  экономикалык секирик жасоого зарыл  болгон ири инфраструктуралык долбоорлор кечеңдейт.

Ошондой эле, замандан артта калбаш үчүн зарыл болгон санариптештирүү солгундайт.  Кытай технологияларынын кооптуулугу тууралуу эмнелерди гана айтышпасын, алар бизге экономиканын атаандаштыгын күчөтүү үчүн керек.

Мындай алганда, Кытайдын «байкоо технологиясынын» кооптуулугу тууралуу  сөздөр  атаандаштардын ойдон чыгарган жомогу. Алар ири америкалык, япониялык, кореялык корпорациялардын продуктусуна караганда, азыраак коркунуч жаратат. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, Кытайдын жогорку технологиядагы өндүрүмдөрүнүн  айланасында чыр-чатак баарынан аз, мүнөздөмөсү жагынан алар АКШ, Япония жана башка мамлекеттин продукцияларынан ашып түшөт.

Ошон үчүн эгерде бизге кытай технологиялары жеткиликсиз болуп калса, «алдыга жылуу үчүн бир орунда көпкө чуркоо» тобокелчилиги жаралат. Балким, жөн гана өз ордубузда туруу үчүн көпкө чуркап калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, Кытайга каршы маанайды күчөтө берүү жагымсыз натыйжаларга алып келиши ыктымал.

Чын-чынына келгенде, дал азыр Кыргызстанга Кытай менен кызматташтыкты чечкиндүүлүк менен  өстүрүү зарыл – биздин аймакта да, Кытайдын өзүнүн аймагында да.

Кытай базары өтө чоң жана эгер Кыргызстан Кытайдын жок дегенде бир районуна кире алса, акча көпкө жетет. Башкысы,  товар жетиштүү болсо болгону, аларды кытай базары «кара тешик сымал» жутуп алып турат.

Бирок Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү катары АКШдан ар кандай түрдөгү сын-пикирлерди угушу мүмкүн экенин  да унутпашыбыз керек.  Эгер кандайдыр бир жоготуулар болсо, аларды кандайдыр бир деңгээлде Кытай менен кызматташуу аркылуу толтуруп алса болот.

Жалпысынан, инвестициялык базарда капитал сунуштагандар болсо, аны өз максаттар үчүн колдонуу шарт.  Эгер ал капитал кытай инвесторлору тарабынан сунушталып жатса, биз эмнеге инвестициядан баш тартышыбыз керек?  Акыркы беш жыл ичинде Кытай АКШ жана Япония менен катарлашып, дүйнөдөгү ири инвесторлордун үчилтигине кирди.  Божомолдорго караганда, бул жылы КЭР ири эл аралык инвестор болуп калышы күтүлүүдө.

Азыр кытай инвестициясын Европа, Азия, Африка жана Латын Американы кошкондо, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр кош колдоп тосуп алышат. Кытай капиталы бар өлкөлөрдө Кытайга каршы маанай байкалбайт.

Тескерисинче, көптөгөн мамлекеттердин өкмөтү жана бизнес-чөйрөсү кытай капиталын жана технологияларын колдошот. Ошол себептен азыр кытай инвесторлору дагы алардын капиталынын сакталышына, эки тарапка тең пайдалуу болушуна кепилдик берген мамлекеттерди тандап башташты. Муну да эске алыш керек.