Парламент Жогорку соттун төрайымы Токбаеванын маалыматын угат

Автор -

Парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылда аткарылган иштер тууралуу да маалыматы угуу маселеси киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Токбаева 15-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде маалымат берген. Жыйында депутаттар тармактагы коррупция дале бар экенин, соттордун иши, сот чечимдерине карата элдин нааразылыгы көптүгүн, реформанын ишке ашпаганын айтып сынга алышкан. Бир катар саясатчыларга, журналисттерге, опплзиция өкүлдөрүнө карата чыгарылган сот чечимдерине нааразылык айтылган. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында «Жогорку соттун судьяларын шайлоо» жөнүндө мыйзамды карайт. Маселе буга чейин тармактык комитеттин талкуусунан өткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү