Жапаров: Сооронбай Жээнбековду ЖЭБ чуусуна аралаштырбоо керек

Автор -

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда

Жыйында депутат Акылбек Жапаров президент Сооронбай Жээнбековду ЖЭБ чуусуна аралаштырбоого чакырды.

«ЖЭБди жаңылоодо ката кетирген жооптуу мекемелердин жетекчилерин жоопко тартыш керек. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековду ЖЭБ кырсыгындагы чууга аралаштырбоо керек», — деди Жапаров.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү