Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча токтом долбоорун жактырды

Автор -

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негиз кылып токтом кабыл алды. Ага жыйынга катышкан 106 депутат «макул» деген добушун берди, каршылар болгон жок.

«Депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын жана президентке жөнөтүлсүн. ЖЭБ боюнча келишимди даярдаган, иштеп чыккан жана мамлекеттик кабыл алууга катышкан кызматкерлердин иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн. Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы үч айлык мөөнөт ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берсин»,- деп жазылган токтомдо.

 

 

Бөлүшүү