Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышат

Автор -
266

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн  Түркиянын Стамбул шаарына  учуп кетти.

Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат.

Бөлүшүү