Борбор каалада оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт

Автор -
401

Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлагандай, мелдеш 21-23 май күндөрү Бишкек шаарынын оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтмөкчү.

Анда балдар сегиз салмактын түрү боюнча (56, 62, 69, 77, 85, 94, 105, +105), ал эми кыздар жети түр салмак категориясында (48, 53, 58, 63, 69, 75, +75 кг) күч сынашат.

«Мелдештин жыйынтыгында Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионатына катыша турчу курама команда куралат»,-деп айтылат маалыматта.

Чемпионат үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 28 миң сом бөлүнгөн.

Бөлүшүү