Дайынсыз жоголгон таксистин сөөгү Оштон, унаасы Токмоктон табылды

Автор -
242

Ош шаарында дайынсыз жоголгон таксисттин сөөгү табылды.

Ош ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жийделик айылынын 31 жаштагы И.Э., аттуу жашоочусу 13-майда өзүнүн «Деу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Анын сөөгү бүгүн Кара-Суу районунун Каратай айылындагы талаадан табылган.

Өз кезегинде ыкчам топ кыргыз-казак чек арасынан Кара-Суу районунун тургуну 28 жаштагы Г.Т., аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган жаран өз күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, мындай ишке ал унааны уурдап кетүү үчүн барган. Жыйынтыгында унаа Токмок шаарынан табылган.

«Кылмышты жаап-жашыруу үчүн ал айдоочунун сөөгүн өрттөөгө аракет кылган. Учурда аталган кылмышка башка адамдардын тиешеси бар же жок экендиги такталууда»,-деп кабарлашты ведомстводон.

Иликтөө иштери уланууда.