Жанарбек Акаев: Онолбеков турганда Бажы кызматы онолбойт

Автор -
294

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев  Бажы кызматына жаңыдан жетекчи болгон Алмаз Оңолбековдун ишин сынга алды.

«Өкмөт Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, Бажы кызматынын башчылыгына Оӊолбековду дайындап салды. Иштегенине 30 күн толбой жатып, өзүн-өзү билип, мурдагы тажрыйбалуу кызматкерлерди жумуштан бошотуп, айрымдарын кызматынан кичирейтиптир. Онолбеков турганда Бажы кызматы онолбойт окшойт, бажычылар транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча ала баштаптыр. Айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча алына баштаганын айтып жатышат. Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр. Менде далилдер бар. Керек болсо кимдер кимге пара бергенин так айтып бере алам. Мындай олуттуу иштер менен жакшылап күрөшкүлө. Премьер-министр буга көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүшү керек»,-деди  депутат Жанарбек Акаев.