Абылгазиев «Достук» көзөмөл-өткөрүү жайындагы тыгындарды жоюуну тапшырды

Автор -
207

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Достук» көзөмөл-өткөрүү жайындагы кезек маселесин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды.

Бүгүн, 25-май күнү аталган көзөмөл-өткөрүү жайындагы кырдаалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Премьер-министрдин айтымында, өткөрмө бекеттери аркылуу өтүүдө өлкө жарандары жана чет элдик коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, «Достук» өткөрүү жайындагы кезектер кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу өтүүнү каалагандардын санынын көптүгүнө байланыштуу экенин маалымдады.

Ал азыркы тапта «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу суткасына 8 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгүндө күн сайын кеминде 12 миң адам өтүп жатат.

Ошондой эле Кыргызстандын базарларында дүң соода кылуу күндөрү — шейшемби жана ишембиде товар ташууга байланыштуу тыгын көбөйүп жатканы мааалым болду.

«Достук» көзөмөл-өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөл кабинасынын саны 14кө чейин көбөйтүлгөн.

Бөлүшүү