Ош облусунда катталган катуу шамалдын күчү аныкталды

Автор -

Ош облусунда 23-майда  катталган катуу шамалдын күчү аныкталды.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында 2018-жылдын 23-май күнү саат 19:50 чамасында ылдамдыгы секундасына 22-27 метрге жеткен катуу шамал катталып, шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында 15 үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган.

Белгилей кетсек, кече Кара- Кулжада катуу шамалдан 5 жаштагы  кызды талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы.

КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү