Кырсык: Кара-Кулжадагы катуу шамалдан 5 жаштагы кызды талдын шагы басып калды

Автор -
306

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Карагус айыл аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда болжол менен саат 19:50 чамасында катталган шамал Жаңы-Талаа айылында 15 турак үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган.

«Андан сырткары 5 жаштагы А. кызы Ы. талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген, абалы жакшы»,-деп айтылат маалыматта.

КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерде маалыматты тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда.

Бөлүшүү