Бишкекте Акыркы коңгуроо аземи тынч өттү

Автор -
471

Бишкек шаарында Акыркы коңгуроо салтанаты эч кандай тартип бузуусуз, тынч өттү.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл Бишкектеги 97 жалпы билим берүү мекемесин 10 миңден ашуун окуучу аяктады.

«Шаардык милиция кызматкерлери 25-майда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Ар бир мектепте тартип сакчылары көзөмөл жүргүзүп турушту. Жалпысынан 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактады. Жыйынтыгында борбор калаада коомдук тартипти бузган өзгөчө учур жана кылмыш катталган жок», — деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.