Ош шаарында көп балалуу энелерге ордендер менен медалдар тапшырылды

Автор -

Бүгүн, 13-июнь күнү  Ош шаарындагы көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

«Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Адам баласы төрөлгөндөн тарта өмүрүнүн акырына чейин «Эне» деген сөздү ооздон түшүрбөйт. Кубансак кубанычыбызга, кайгырсак кайгыга ортоктош, бассак –турсак өз мээримине бөлөгөн энелер ар дайым бар болушсун», — деди А.Кадырбаев.

Андан соң, КРнын Президентинин жарлыгы менен көп балалуу энелерге орден, медалдар тапшырылып, Ош шаарынын мэриясы  тарабынан баалуу белектер берилди.

Салтанаттуу иш-чарада 14 энеге “Баатыр эне” ордени жана 15 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Жалпысынан Ош шаарында 700гө жакын баатыр эне , 300дөн ашуун “Эне даңкы” медалын алган эне бар.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү