Оштогу борбордук базарда  өрт чыкты (ФОТО)

Автор -

Ош шаарында 2018-жылдын 29-май күнү саат саат 07:50до борбордук базарда жайгашкан контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 07:51де КР ӨКМнин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 08:00дө КР ӨКМнин №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 08:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү