Абылгазиев Тарых музейине сарпталган бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну күчөтүүнү тапшырды

Автор -
204

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук тарых музейин реконструкциялоону аяктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчыга курулуш иштеринин жүрүшү, экспонаттар менен камсыздоо, ошондой эле экспозициялар концепциясы жана музейдин бизнес-планы тууралуу маалымдалды.

Мамлекеттик тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков азыркы учурда реконструкция дээрлик аяктап калганын, медиастанцияларды жана интерактивдик үстөлдөрдү бир нече тилдеги кеңири маалымат менен ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатканын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев музейдин реконструкциясын аяктоо жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоону камсыздоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Бардык күч-аракеттерге карабастан, тарых музейин реконструкциялоо абдан узакка созулуп кетти. Бул маселеде башаламандыкка жол бербөө кажет. Музейди оңдоонун жүрүшүндө каржылык бузуулар фактыларын укук коргоо органдарынын текшерүүсү анын ачылыш мөөнөтүнө таасирин тийгизбөөсү зарыл. Учурда реконструкция жүрүп жатканда, музейди стратегиялык объектилер тизмесине киргизүү маселесин иштеп чыгуу керек. Бул музейдин фондун сактоону шарттайт», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бөлүшүү