Баш прокурор: Батукаев Чечен Республикасында 7 жылга эркинен ажыратылган

Автор -
235

Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуулукка каршы так кандай чаралар көрүлгөнүнө жана Көлбаев менен Батукаевдин учурдагы абалына кызыкты.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов : «Жалпысынан 523 уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катталган. Анын 424ү Камчы Көлбаевге тийиштүү. Азиз Батукеевге болсо 49 адам карайт. Андан сырткары ар кандай уюшкан кылмыштуу топтордун 941 мүчөсү бар. 2017-жылы 241 адам кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми Батукаев Чечен Республикасында 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал жакта жазасын өтөп бүткөнчө КР алып келе албайбыз»,-деп жооп кылды.