Чүйдө 10-класстын окуучусу өз жанын өзү кыйды

Автор -

Чүй облусунун Панфилов районундагы жетим жана кароосуз калган балдар жатак-интернатында 10-класстын окуучусу асынып алды.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 26-майда Панфилов РИИБинин мөөнөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Кайыӊды шаарчасында жайгашкан жетим жана кароосуз калган балдар жатак-интернатынын 10-класста окуган окуучусу асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул окуя боюнча дароо ыкчам-тергөө тобу чыгып, баланын асынып турган жансыз денесин табышкан. Учурда анын эмне себептен асынып алганын аныктоо үчүн териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү