Депутат: Адамды сындабай эле өлтүрүп койгон арзан болуп калды

Автор -

Депутат Каныбек Иманалиев буга чейин Баш прокуратура тарабынан ЖМКларга миллиондогон доо арыздар берилгенин айтты.

«Акыркы учурда ЖМКларга миллиондогон доо арыздар берилген. Мисалы «Азаттыкка» 20 млн, ал эми Чолпон Жакуповага 30 млн сом айып пулу салыныптыр. Эгерде капыстан бир адамды өлтүрүп алсаӊ 500 миӊ төлөшүӊ керек болот. Ошондо адамды сындасаң 30 миллион экен, адамды өлтүрсөң 500 миң экен. Адамды сындабай эле өлтүрүп койгон арзан болуп калды. Бул эмненин негизинде коюлган баа?», — деди Иманалиев.

Баш прокурор Өткүрбек  Жамшитов бул иштер башка жетекчинин учурунда болгонун айтып, так жооп бере алган жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Бөлүшүү