Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары «Центеррага» каршы өз кыймылын башташты

Автор -
456

Ысык-Көл облусунун тургуну Аскар Омуралиев Фейсбук баракчасы аркылуу жалпы массалык маалымат каражаттарына кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:

«Кыргыз элине! Кыргыз Республикасынын бардык массалык маалымат каражаттарына Кайрылуу

1999 жылдан бери созулуп келе жаткан, жоопкер — «Кумтор Оперейтинг Компаниге» карата болгон биздин доо арызыбыз мурдагы президент сөрөйлөр – Акаев, Бакиев Атамбаевдердин өз кызыкчылыгын көздөгөн арекеттеринин натыйжасында ЧӨНТӨК соттордун мыйзамсыз чечимдери менен канагаттандыруулусуз калтырылып келди. Ал эми бул жолу болсо Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Балкыбекова менен Б. Абдуллаевдин жана Бишкек шаардык соттун судьяларынын өз элине карата чыгарган чыккынчылык түркөй чечимдерин эртең саат 10-30 көзөмөл түрүндө Жогорку сот карайт.

Эске сала кетсем жагдай төмөндөгүдөй болгон эле:

1998-жылдын 20-майында Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын, Барскоон- Кумтөр автотрассасынын он бешинчи километриндеги көпүрөдөн канадалык «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» тиешелүү өзгөчө токсикалык уулу зат – цианид натрий (NaCN) ташып бара жаткан 20 тонналык салмактагы контейнер тарткан автомашина аварияга туш болгон. Бул авариянын кесепетинен жүктөлгөн оор контейнер Барскоон дарыясына кулап түшкөн да, ошол уулу зат оролгон материал айрылып, 1762 килограмм цианид натрий (NaCN) Иссык-Көлгө жана Барскоон, Тамга айылдарына суу жүргөн арыктар аркылуу огороддорду жана айдоо аянттарын каптап кеткен. Цианид натрий аттуу заттын сууга эригенинин натыйжасында (суунун t = 13°; р.н.5,6 суунун түзүлүшү жумшак, NaCN сууда эрүүсү 50 г/л) болгондо цианид натрий бүтүн бойдон уулу зат-синил кислотасына айланып сууга жакшы эригенге жөндөмдүү болуп калган.

Бул каргаша жоопкер канадалык «Кумтор Оперейтинг Компании» ишканасынын техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан жана уулу затты ташууда кетирген шалаакылык мамилесинен болгон.

Компаниянын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери авария болгондон кийин 5 саат убакытка чейин бул кылмыштын изин элден жаап жашырүү үчүн ар кандай аракеттерди жасаган. Мисалы: Шашылыш турдо озулорунун адамдарын жана техникалык каражаттарын авария болгон жерге алып келишип, сууда жаткан уу ташыган оор жук ташуучу автомашинаны алып чыгып, эч кимге корсотпой алып кетуу аракеттери болгон. Эки жолу ошол сууда жаткан автомашина кран менен ойдо которуп жатканда трос узулуп кетип, кайрадан сууга кулап тушкон.

Анын натыйжасында агып жаткан сууга тонналаган цианид уусу аралашып агып томон жактагы айылдарды каптап кете берген.

Эгерде ошол тапта кокусунан жолдо өтүп бара жаткан орусиялык чек арачы офицер өкмөткө, жергиликтүү бийлике жана элге болгон окуяны айтып бербесе, жергиликтүү калк кийинчээрек эмнеден уулангандыгын жана эмнеден каза болгондугун билмек эмес да, бул авариянын кесепети жана жоготууларынын көлөмү абдан зор болмок.

Ушул төгүлгөн уулу зат цианид натрийдин (NaCN) айлана чөйрөгө жана тирүү жандыктарга тийгизген оор кесепетинен ошол аймактагы Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тамга, Тосор, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарынын жашоочулары массалык түрдө ар кандай оордуктагы уулануга дуушар болушуп, миңдеген адамдар айлап-жылдап дарыланып айыга албай, бир топтору өлүмгө дуушар болушту.

Ал эми уу жөнөүндө болсо төмөнкү маалыматтарды да айтаар элем:

— «Цианиддер- синильдик кислотанын цианиддуу суу тегинин тузу. Биринчи жолу 1782 жылы шведдик фармацевт К.В. Швеел деген окумуштуу тарабынан ачылган. Кийинчереек ал окумуштуу ошол уулу затты эксперимент катары көрсөтүп жатып, өзү ал уунун курмандыгы болуп калган.

Цианиддер эн эле уулуу зат болуп эсептелет. 0,05 г. өлчөмдогу бул уу адамды өлтүрүүгө чейин жеткирет. ХХ кылымда цианиддер ууландыруучу зат катары согуш маалында адамдарга жана айыл чарбасында кемирүүчулорго каршы колдонулганы тарыхта калган.

Ал эми ХХ кылымдын башында француздар согуштук ууландыруучу зат катары да пайдаланышканы белгилуу. Гитлердик концлагерлерде да адамдарды массалык турдо кырыш учун да цианидден пайда болгон газды (цианкумурска кислотасынын эфирлери) пайдаланышкан. Ал эми Америкалык аскерлер да Туштук Вьетнамдагы согушта тынч жаткан элге каршы органикалык токсикалдуу цианидди колдонушкан. Ошондой эле АКШ да, көп жылдар бою ушул уунун буусу менен олум жазасына тартылгандарды өзгөчө камераларга камап тынчытып келишкен.

Демек доогерлердин медициналык документтериндеги жана озулорунун соттук отурумда айтып бергендерине таянсак (баш оорунун кескин пайда болушу, журок айланып кускусу келуу, ичи оорусу), ал адамдар чынында эле ошол кундору цианид (синильдик кислотанын цианистик суу тегинин газы менен уулангандары айкын болду.

Ошол кездеги саламаттык сактоо министрлигинин (министр Н. Касиев) туркой чечими менен, боюнда бар 40 ка жакын келиндердин боюнан алдыртып салгандары да уройду учуруп салган. Ушул кезде ошол 40 бала 20 жашка чыгып, эрезеге жетип калышмак.

Ал эми А. Акаевдин суйуктуу министрлеринин бири болгон Накен Касиев ал жасаган кылмыштуу жосунун учун жоопко тартылгандын ордуна ошондон бери далее болсо майлуу суттуу кызматтарда иштеп келе жатат.

Ал эми ошол каргаша болгондон алгачкы 10 чакты кундун ичинде калайык калк чынында эле коркуу сезимдерин баштан өтөрүп, өзүлөрүнүн, бала-чакасынын келечеги учун сестенуу менен жашашып, жүрөк өйүткөн мүшкүл күндөрдү баштан кечирип жашашкан. Ага кошумча болуп айылдардын тургундарын шашылыш көчүрүп кетүү (эвакуация) элдин үрөйүн аябай эле учуруп койгон.

Мына ушундай оор абалды баштан кечирген миндеген адамдар ушул кезге чейин уунун кесепетинен пайда болгон моралдык чыгымдарын, жоопкер тараптан төлөтүп ала албай келишет. Буга 1998 жылдан 2010 жылдын апрель айына чейинки өлкөдөн кубаланып кеткен эки президенттин жана мурдагы президент Атамбаевдин «Кумтор Оперейтинг Компаниге» жан тарткан саясаты зор күнөөлүү экендиги айкын иш.

Жогору жакта аттары айтылган ошол кездеги мамлекеттин жоопту кызматтарында иштеп турушуп эл-журтка чыккынчылык менен мамиле кылган А. Акаев, К. Бакиев жана баш болгон чиновниктер жана түркөй судьялар эми да болсо эл алдында, мыйзам алдында жооп беришсе абдан эле жакшы болмок.

Мурунку президент А.Акаев таап келген эл аралык аферист Бирштейндин чет элдик «Кумтор Оперейтинг» компаниясы биздин алтыныбызды ондуруп, байып, ал эми кыргыз элин уулантып, оорулуу кылганы учун, элдин таза экологиялык чолкомдо жашоого укугун бузгандыгы учун мыйзамга ылайык жооп бериши керек.

Биз,моралдык чыгымдын олчомун ар бир жабыр тарткан жаранга болгону 1 000 000 (Бир миллион) сомго гана баалап жатабыз. Ал эми ушуга окшош дуйнодо болуп откон кырсыктан жабыр тарткандарга, куноолуу тараптар миллиондогон америкалык доллар менен коменсация толоп берип келишкендиги жалпыга маалим. Ал эми ушундай кырсык биздин алтын кенибизди иштетимиш болуп жаткан канадалык «Кумтор Оперейтинг Компанинин» мекени Канаданын озундо болгондо, ошол эле Канаданын эли эчак эле куноолулордун жазасын берип, миллиарддаган суммадагы америкалык долларларды ондуруп алышмак.

Биз ушуга чейинки соттук териштуруулордун жыйынтыгы жана биз жогоруда кеп кылган элдин башынан откоргон оор каргашасы, айлап-жылдап уулуу зат-цианиддин залдарынан психологиялык жактан коркуу сезими менен жашап келишендери, ошонун кесепетинен балким кошумча нерв, тери, ич органдарынын ар турдуу ооруларына чалдыгышы, 1998 жылдан бери жылдап дарылоо мекемелеринен чыкпай оз каражаттарына дарыланып келишкендерин Сот эске алып бизге доо арызыбызды канагаттандырат го деп терен ишенген элек.

Көрсө дале болсо карапайым калктын укугун тебелеп тепсеген соттук актыларды чыгарган судьялардын катарын толуктап Бишкек шаарынын Октябрьрайондук сотунун судьясы Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна 2 жыл мурун коз коруноо биздин доо арызыбызды канагаттандыруусуз калтыруу жонундо чечим чыгыарган.

Кийинки жолу ошол эле соттун судьясы Абдуллаев Болот болсо бардык соттук отурумдарда катышуучулар сүйлөп жатканда ардайым уктап отурду.

Бул окуядан кийин башынан эле биздин олкодогу коррупциянын башаты делинип келген баягы эле канадалык «Кумтор ишканасы» акчанын кучуно салдыбы деп ойлоп жатабыз. Себеби тее 1992 жылдан бери эле бул чет элдик «Кумтор Оперейтинг Компани» мурдагы куулуп кеткен эки президент баш болгон коптогон чиновниктерди кызылдай акчага сатып алып оз кызыкчылыгын коргоп келгени белгилуу эмеспи.

Биз бул жолу дагы эч кандай саясатка аралашпай эле болгону сот аркалуу оз укугубузду жана кызыкчылыгыбызды коргоп жатабыз. 1999 жылдан бери эле биздин мындай максаттарыбыз кандайча болуп ишке ашпай келе жатканын жогоруда айтып оттук.

Биз эми оз максатыбызга жетиш учун эмне кылышыбыз керек. Кочого чыгалыбы? Жол тосолубу? Антсек да бизге жарашат. Себеби мындан 15-16 жыл мурунтан эле биздин эл, оз укугу менен кызыкчылыгын коргоп коптогон жолу мурдагы бийлик менен каршылашып кармашып келген.

Керек болсо тее 1998 жылы эле айылды курчап баррикада коюп 3-4 кун бою Барскоон айылына Акаевдин зулумдарын киргизбес учун элдик бийлик орнотушкан. Ошондо Ысык Кол областынын прокурору болуп баягы эле Зоотбек Кудайбергенов турган. Ал адам азыр дагы эле бийликте журот. Ошол прокурордун буйругу менен айылдын 53 аял эркеги куч колдонулуп камалып калган эле. Ал адамдарга аябай кордук корсотушкон.

Эми бул жолу сиздерден суранарыбыз мурдагы бийликтин жолун жолдобой, эл журттун коп жылдардан бери келе жаткан жогорудагы оор койгойун четтен туруп конул кош карабай, же болбосо биздин алтыныбызды талап булап жеп келе жаткан чет элдик компанияга жан тартпай бизге, элге жардам бергиле.

Дагы бир жолу кайталап айтабыз жана томондогу суроолорго жооп кутобуз:

— Эмне учун биз бул жолу моралдык доону ондуро турган дообузду Кыргыз окмотуно коюшубуз керек?

— Бул тузулгон талаш жагдайда азыркы Кыргыз окмотунун кандай куноосу бар?

— Эмне учун 20 жылдан бери биздин алтынды ондуруп, биздин жерден тайрандап байып келе жаткан канадалык «Кумтор Оперейтинг Компани» суудан кургак чыгып кетиш керек?»

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары «Центеррага» каршы өз кыймылын башташты.