Ош шаарынын мыкты мугалими аныкталды (Сүрөт)

Автор -
616

Бүгүн, 30-май күнү Ош шаарында «Мыкты мугалим-2018» кароо-сынагынын финалдык баскычы өтүп, мыкты мугалим аныкталды.

Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, шаардагы мектептердин мугалимдери, окуучулары катышты.

Вице-мэр Нурбек Кадыров салтка айланган мыкты мугалим кароо-сынагы мугалимдерге демине дем берип, стимул катары гана калыптанбастан, өздөрүнүн кесибин ардактап, балдарга билим берип, аларды тарбиялоодогу тажырыйбалары менен бөлүшүүнү камтый тургандыгын кошумчалады.

«Мыкты мугалим-2018» сынагынын финалына 5 мугалим чыгып, баш байгени № 31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин математика мугалими Клара Байыева алып, 40 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

1-орунду камсыз кылган «Олимп» мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнур Шерипбаевага 30 миң сом берилди.

2-орунду № 17 Ю. Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын башталгыч класс мугалими Кыялбүбү Аликеева ээлеп, 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

3-орунга № 19 Шевченко атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Зулхумор Самиева чыгып, 15 миң сом алды.

Ал эми, № 37 Г. Айтиев атындагы орто мектебинин чет тили мугалими Айтбү Токтоназарова жигердүү катышкандыгы үчүн атайын грамотага ээ болуп, 10 миң сом берилди.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешинин атынан финалисттерге Ардак грамота тапшырылды.

Белгилей кетсек, кароо-сынакка жалпысынан 30 мугалим катышып, 5 мугалим финалдык баскычка жеткен.

 

Бөлүшүү