2018-жылдын 28-май күнү Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин ректор, проректорлор, декандар жана кафедра башчыларынын катышуусунда Жарандык коргонуу жаатында окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
«КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери, сыноо лабораториясынын башчысы, КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун Түштүк аймактык кафедрасынын башчысы тарабынан Жарандык коргонуу жаатында иш-чараларды жүргүзүү боюнча, өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана келип чыккан учурда аракеттери жана өзүн өзү алып жүрүү эрежелери боюнча окуу өткөрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Ошо менен бирге университеттин жатаканаларынын коменданттарына атайын окуу өткөрүлүп, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга алдын ала даярдыктар жана жатаканаларда жүргүзүлүүчү негизги иш-чаралар боюнча түшүндүрүлүп, суроо жооптор уюштурулду.