Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин «Ар кыл маселелер» саатында күйүүчү майлардын кымбат болуп жаткандыгы айтылды.
Депутат Бактыбек Сыдыков Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 млн тонна күйүүчү май бөлүнөөрүн, бирок анын баарын «Газпром», «Росснефть» компаниялары бөлүп алып жаткандыгын, жакында жаңы алым кирет деген жүйөө менен күйүүчү майларды 3 сомго кымбаттаткандыгын маалымдады.
«Бул маселеге КР Өкмөтү алсыздыгын көрсөтүп жатат. Чындыгында акыбал бара-бара оорлошуп келе жатат. Күйүүчү майдын баасы боюнча коңшу Казакстан менен 8 сомго чейин айырма бар. Аларда күйүүчү май дээрлик сомго арзан. Бизде бүт рынокту орусиялык компаниялар көзөмөлдөп жатат. Билинбегени менен чоң көйгөй келе жатат»,— дейт Б.Сыдыков.
Депутат Таабалды Тиллаев Бишкек-Ош. Бишкек-Торугарт жолунда айдоочулардан, жүк ташуучулардан жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан акча жыйноолор арбып жатканын маалымдады.
«Бүгүнкү күндө күйүүчү майлар кымбаттап жаткан маалда мындай мыйзамсыз иш-аракеттер токтотулушу зарыл»,— дейт ал.