Ош  шаарынын мэри «Аяр бала» борборунун балдарына белектерин тапшырды

Автор -

Бүгүн, 1-июнь күнү Ош шаарында Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата «Балдар планетанын келечеги» аттуу майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Аяр бала» балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда уюштурулган майрамдык концертке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, аталган борбордун балдары жана ата-энелери келип катышты.

«Майрамдык иш-чаранын алкагында «Аяр бала» балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун чыгармачыл балдары талаттарын тартуулашып, оюн-зооктор уюштурулду. Ош шаарынын мэри Айтматат Кадырбаев ден соолугун калыбына келтирип жаткан балдарга майрамдык белектерин тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү