Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаӊжалдын себеби маалым болду

Автор -
613

Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара (МЧК) кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында «Футбол талаасы» участкасында болжол менен саат 17:10 чамасында КР менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери ортосунда жаңжал чыгып, тажик чек арачылары курал колдонуп, асманга эскертүү катары ок атышкан.

«Жаңжалдын себеби — тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келип, «Футбол талаасы» участкасында баш аламан соода кылган Кыргызстандын жарандарын кубалашкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы башталган жаңжал КР чек ара күзөтү барган учурда токтотулган. Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аскер кызматкерлерине маселени аталган ыкма менен чечпөө тууралуу эскертүү берип, ошондой эле алар макулдашылбаган тилкеде экенин айтып, ал жерден чыгып кетүүнү талап кылышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын аскер кызматкерлери КР чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартышып, өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, мушташка себеп болуп, асманга ок чыгарышкан. Андан кийин алар КР чек ара күзөтү тарабынан кармалган.

Тез аранын ичинде КР чек ара кызматынын Лейлек районундагы өкүлү менен Тажикстандын Жаббар – Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүшкөн.

 

Бөлүшүү