Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү унаа кыймылы үчүн 2 айга жабылат

Автор -

Бишкекте 5-июндан тарта оңдоо иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүп, жаңы тосмолор орнотулат.

Аталган тилкеде оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 5-августунда аяктоо пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздыктарды келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.