Эртең Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу жок болот (тизме)

Автор -
237

Эртең, 6-июнда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу жок болот,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

«Бишкексууканалы» ишканасынан билдиришкендей, 6-июнда саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин Тунгуч кичи району жана «Рухий-Мурас» жаңы конушунда таза суу убактылуу жок болот»,-деп айтылат маалыматта.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

 

Бөлүшүү