Коомдук телерадиоберүү корпорациясы кимдир бирөөлөрдүн туулган күндөрү менен куттуктоо сындуу майда-барат нерселерди көрсөтө берип, акчаны туура эмес жумшап жатат. Бул туралуу депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеӊеште КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчету угулуп жатканда билдирди.
Депутаттын айтымында, коом турмушунда экономикалык, социалдык, стратегиялык мааниге ээ болгон көптөгөн маанилүү маселелер бар, тилекке каршы, алар көӊүл сыртында калууда.
«Менимче, КТРК ошолорго басым жасашы керек эле. Бул багытта бир катар телеканалдар КТРКга салыштырмалуу кыйла жакшы иштеп жатат. Байкоочу кеңеш муну көзөмөлгө алышы керек», — деп кошумчалады Мурадыл Мадеминов.
Депутаттын пикирине жооп катары, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков эл аралык уюмдар жыл сайын калк арасында сурамжылоолор менен мониторингдерди жүргүзүп турарын эске салып, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы КТРК алдыӊкы орунда келатканын көрсөткөнүн билдирди.
«Куттуктоолор прайм-тайм маалында көрсөтүлбөйт, бирок алар дагы керек. Алыскы аймактарда жашаган көрүүчүлөр өз куттуктоолорун жөнөтүп, аларды угузуп коюуну суранышууда. Ошондон улам, куттуктоолор көбүнесе оюн-шоок программаларында көрcөтүлүүдө», — деген жообун берди.