Момбеков:Байкоочу кеӊеш Карыпбековду көзөмөлдөбөй эле, Карыпкулов силерди көзөмөлдөп калыптыр

Автор -
247

КТРКнын Байкоочу кеӊеши башкаларга үлгү боло алган жок. Бизге берген отчетуӊардын үчтөн бир бөлүгү өзүӊөрдүн өмүр баяныӊар экен, бир бөлүгү КТРКнын башкы директору башкы директору Илим Карыпбековдун иши экени, алган бир бөлүгү гана Шестаков мындай эфирге чыкты, Карымов тигиндей эфирге чыкты дегенде эле Байкоочу кеӊештин иши экен. Ушундай дагы отчет болобу? Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Бир жылда 60 арыз түшүптүр, демек, элдин ишеними бар, бирок алкышыӊардан каргышыӊар арбын тура. Байкоочу кеӊеш Карыпбековду көзөмөлдөбөй эле, Карыпкулов силерди көзөмөлдөп калыптыр, ушу кантип болсун. Байкоочу кеӊеш болбой эле, чайкоочу кеӊешке айланып калыпсыӊар. Мен мурда Байкоочу кеӊешке берген добушумду кайтарып алып, отчетуӊарга каршы добуш беремин. Коомчулуктун бере турган баасы деле ушундай болуш керек», — деп жыйынтыктады өз сөзүн эл өкүлү.