Ноокат районунда мөндүр жаады (Видео)

Автор -
256

Ноокат районундагы кечээ, 5-июнда болжол менен саат 16:30 чамасында жаан менен кошо мөндүр жаады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.

«Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө (алма, өрүк) зыянын тийгизген. Ошондой эле Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел суулары аккан. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарын тактоо иш-чаралары жүргүзөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү