Кара-Суу районунда унаа каналга түшүп кетип, айдоочусу каза болду

Автор -
213

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа каналга түшүп кетип, айдоочусу каза болду.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 5-июнь күнү саат 19:30да Нариман айыл аймагындагы Осмонов жана Ленин айылдарынын ортосундагы Түштүк каналына Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1958-жылы туулган А.А. каза болгон.