ЖКнын 6-июнда өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору (тизме)

Автор -

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окуудагы мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

— “Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.01.18деги № 53 токтом);

— “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 2.02.18деги № 78 токтом);

— “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 210 токтом);

— “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев А.М., Строкова Е.Г., Турсунбаев А.А.);

— “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Кодуранова А.С., Жамангулов А.Ж., Исмаилова А.Ж., Нурбаев А.М., Касымалиева А.К., Каримов Н.Т., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Омуркулов И.Ш., Акаев Ж.К., Аманкулов М.А., Сарсейитов И.З., Примов У.Б., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Токторов А.С., Никитенко Н.В., Момбеков Р.Ч.);

— “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С.,

Турсунбаев А.А., Торобаев Б.Э., Шыкмаматов А.Н., Мамашова А.Т., Бакчиев Дж.А., Абжалиев А.Т., Карашев А.А., Никитенко Н.В., Аманкулов М.А., Жетигенов Б.Ж., Баатырбеков А.Б.);

— “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.10.17деги № 712 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.08.17деги № 461 токтом);

— “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине)(демилгечи – Өкмөт, 27.10.17деги № 703 токтом);

— “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.09.17деги № 605, 08.12.17деги № 794 токтомдор);

— “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жээнбеков А.Ш., Текебаев Ө.Ч., Турсунбеков Ч.А., Иманалиев К.К., Сулейманов Б.И., Артыкбаев О.М., Акматов А.Ж., Токтошев Э.Т., Жумалиев К.М., Арапбаев А.А., Матраимов И.И., Жамангулов А.Ж., Исакунова Т.Б., Айдаров С.А.).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

— “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жапаров А.Ү., Арапбаев А.А.);

— “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.09.17деги № 548 токтом).

Четке кагылган мыйзам долбоору:

— “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Жапаров А.Ү.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын).

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү