Сурабалдиева: Псевдо-окумуштуулар мени «баскынчы» катары жаманатты кылууда

Автор -
259

Сокулук районундагы буга чейин кайсы бир илимий-изилдөө институттун псевдо-окумуштуулар ээлик кылып келген бала бакчанын Комсомольское айылынын тургундарына кайтарылып берилиши керек. Жергиликтүү тургундар он жылдан бери кайрылып жатып, акыры оӊ чечим чыккан, бирок ал кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен аткарылбай келет. Чыныгы коррупция мына ушул жерде жатат. Алар узак жылдардан бери жалпы калкка тийиштүү социалдык объектилердин эсебинен пайда көрүүдө. Укук коргоо органдары тезинен чара көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Азыр ошол псевдо-окумуштуулар мени «баскынчы» катары жаманатты кылуу аракетин көрүшүүдө. Документтердин баарын карап көрдүм, алардын мындан башка да бир топ имараттары бар экен. Илимий изилдөө жүргүзүп жатабыз деген шылтоо менен, бош турган имараттар аркылуу гранттарды алышат экен. Андан тышкары, илимий иштер үчүн 300 гектар жер бөлдүрүп алып, аны жергиликтүү тургундарга кымбат баада ижарага берип, көп жылдан бери пайдасын көрүп келет», — деп, депутат псевдо-окумуштуулардын былыгын чубалса, көптөгөн коррупционерлердин, алардын артында турган кызмат адамдарынын кулагы чыгарын кошумчалады.