Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Автор -
265

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 8-июнда болжол менен саат 10:30да катталган.

«Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында 3 баллга, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Бөлүшүү