Жээнбеков Пекиндеги «Манас» операсынын артисттерин Кыргызстанга гастролго чакырды (фоторепортаж)

Автор -
408

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында Пекиндеги «Тяньцао»  аткаруучулук көркөм өнөр борборуна барып, кытай тилинде «Манас» операсын көрдү.

Опера башталганга чейин Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР маданият жана туризм министри  Ло Шуган менен кыска жолугушуусу өттү. Министр операны даярдоонун жүрүшү тууралуу айтып берди, ошондой эле эки өлкөнүн маданият чөйрөсүндөгү мамилелерин тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Опера аяктаган соң Президент Сооронбай Жээнбеков көрүүчүлөрдүн алдында сүйлөп, кыргыз элинин жана өз атынан артисттерге жана операны коюуга катышкандардын баарына бул мыкты көркөм чыгарманы жаратканы жана аткаруучулук чеберчиликтери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, «Манас» эпосу — кыргыз рухунун туу чокусу. Биз бүгүн бул операны зор сыймык жана кубаныч менен көрдүк. „Манас“ операсын коюу — бул Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандын маданиятына болгон урмат-сыйынын эң жогорку көрсөткүчү», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал КЭР Төрагасы Си Цзиньпин «Манас» эпосу жөнүндө дүйнөдөгү эң ири эпостордун бири катары ар дайым өзгөчө жылуу пикирин айтат жана Кытайдагы улуттук азчылыктардын маданиятын өнүктүрүүнү колдойт деп белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков артисттерди жана «Манас» операсын коюучуларды Кыргызстанга гастрол менен келүүгө чакырды.

Кыргызстандын Президенти, КЭРге мамлекеттик визитте аны коштоп жүрүшкөн делегация мүчөлөрү, кытайлык көрүүчүлөр, ошондой эле Кытайда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер келип көрүшкөн  «Манас» операсы аншлаг менен өттү.

Маалымат иретинде:

КЭР Маданият жана туризм министрлиги менен Кытай борбордук опера институту «Манас» эпосу боюнча опера коюуну уюштуруу менен 2 жыл алек болушту. Сценарий Жусуп Мамайдын вариантындагы эпостун негизинде жазылган, аны кытай тилине Кытайда жашаган филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду которгон.

Опера 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын май айына чейин Пекинде жана Кытайдын ар кайсы шаарларында 9 жолу коюлган. Ага 200дөн ашуун кытай мамлекеттик театрларынын артисттери катышат. Артисттер жана операны коюучулар кыргыздардын турмушунун өзгөчөлүгүн, маданиятын жана тарыхын өздөрү сезүү үчүн Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна бир нече жолу барышкан.

Бөлүшүү