Ош шаарында айрым маршруттук каттамдардын багыттары өзгөрдү

Автор -

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жүргүнчүлүк автоунаалардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө комиссиясынын 2018-жылдын 14-майындагы отрумунун №13 протоколунун чечиминин негизинде төмөндөгү шаардык айрым кичи автобустук каттамдарынын жүрүү схемаларына өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

 -№127-кичи автобустук маршруттук каттамынын жүрүү схемасы төмөндөгүдөй кылып өзгөртүлдү: Ош шаарынан Кара-Суу районунун Ишкаван айылына кетип жатканда Р.Абдыкадыров, Амир Темур көчөлөрү  кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт.

-№112-кичи автобустук маршруттук каттамынын жүрүү схемасындагы Курманжан-Датка аймактык кеӊеши жагы (Юговосток) кыскартылып, Масалиев көчөсү менен Нурматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланпадан кайтат

-№146-кичи автобустук маршруттук каттамынын  Курманжан-Датка аймактык кеӊешине бара жаткандагы жана келе жаткандагы Өскөналиев, Абдыкадыров, Ш.Руставелли көчөлөрү кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүргөт

-№143-кичи автобустук маршруттук каттамынын жүрүү схемасы төмөндөгүдөй: Ак-Тилек аймактык кеӊешинен Ош шаарына карап кетип жатканда Ш.Руставелли көчөсүндөгү Кыргызыстан кинотеатры тарап кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү