Ысык-Көл облусунда жеӊил унаалар кагышып, 2 айдоочу жаракат алды

Автор -

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда эки унаа кагышып, айдоочулары жаракат алышты.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кече, 7-июнда саат 21:17де өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бөкөнбаев айылында «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү унаа менен «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа кагышкан жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн барышкан.

«Жол кырсыктын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары жеңил жаракат алышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Медициналык тез жардам кызматкерлери жабыркагандарды ооруканага алып кетишкен.

Бөлүшүү