Кыргызстанда 15-июнь эс алуу күнү деп жарыяланды

Автор -
400

Кыргызстанда 15-июнь эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113 беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу «Орозо айт» мусулман майрамы Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күнү болуп саналат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү бул жылдын 15-июнь күнү «Орозо айт» деп белгиленгендигин маалымдашты.