Мухаммедкалый Абылгазиев Ч. Айтматовдун кабырына гүл койду (фоторепортаж)

Автор -
549

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-июнда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюу аземине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Куран окутулду.

Гүл коюу аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери, жазуучунун үй-бүлөсү жана туугандары катышты.

Белгилесек, 2008-жылдын дал ушул күнү кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Ч.Т. Айтматов дүйнө салган.